• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Шайырбек Абдырахман уулу "Манас" театрынын директорунун орун басары болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 29.01.24./Кабар/. Шайырбек Абдырахман уулу Кыргыз улуттук "Манас" театрынын директорунун орун басары болуп дайындалды. Мындай чечим бүгүн театрдын жалпы жыйынында кабыл алынган.

"Манас" театрынан билдиришкендей, буга чейин театрдын директорунун орун басары кызматын аркалап келген төкмө акын Чыңгызхан Кожошев өз ыктыяры менен кызматын өткөрүп берген.

"Бүгүнкү жыйында ошондой эле театрдын өткөн жылда жасалган иштери талкууланып, алдыдагы иш-чаралар боюнча ой-пикирлер сунушталды", — деп кошумчалашты театрдын маалымат кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий