• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ИИМ Академиясында Мамлекеттик тил күнүнө арналган конференция өттү

Коом 0

Бишкек, 21.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 21-сентябрда Ички иштер министрлигинин Академиясында “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” КР мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 32-жылдыгына карата “Ички иштер органдарында юридикалык терминдерди мамлекеттик тилге которуудагы айрым маселелер” аталышындагы илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМ Академиясынын басма сөз кызматы билдирет.

Конференциянын ишине КР министрлер кабинетинин, КР президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, ИИМдин, Бишкек шаардык ИИОнун өкүлдөрү, Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинин, И. Арабаева атындагы КМУУнун, “Кыргыз-Түрк Манас” университетинин, ИИМдин Республикалык окуу борборунун жана ИИМдин Академиясынын окутуучулук курамы катышты.

Иш-чаранын ачылышында ИИМ Академиясынын начальниги, милициянын полковниги Тариель Абитов сөз сүйлөп, кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамынын берилиши – коомдун руханий жаңылануусуна, жаңыча ой жүгүртүүсүнө, эне тилдин кадырын көтөрүүгө ташталган зор кадам экенин белгилеп, ИИМдин Академиясы да мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында “Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү” курстарын уюштуруп, ИИМдин бардык кызматтарынын кызматкерлерин окутуп жатканын билдирип, ИИМдин башкы штабынын Мамлекеттик тил тобунун улук инспектору Айбек Орозакуновдун Академиянын профессордук-окутуучулук курамдын катышуусу менен автордук жамаат тарабынан «Ички иштер органдарында колдонулган терминдердин кыргызча-орусча сөздүгү» иштелип чыгып, КР министрлер кабинетине караштуу Терминологиялык комиссиясында бекитилип, жарыкка чыгарылгандыгын да баса белгиледи.

Сөзүнүн соңунда алдына келе жаткан «23-сентябрь-Мамлекеттик тили күнү» менен бардык катышуучуларды куттуктап, конференциянын ишине ийгилик каалап жана бүгүнкү түшкөн сунуштар, пикирлер эске алынып, жалгыз гана ички иштер органдарында эмес, жалпысынан бардык мамлекеттик кызматтарда мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө зор салымын кошот деген ишенимин билдирди.

Андан соң, Мамлекеттик тил жана тил саясаты комиссиянын Мамлекеттик тилдин маалыматтык талдоо башкы башкармалыгынын башчысы Асылбек Орозов сөз сүйлөп, КРнын бардык мамлекеттик органдарынын арасынан ички иштер министрлигинде кыргыз тилин өнүктүрүү жана юридикалык терминдерди бирдейлештирүү боюнча алгылыктуу иштер жүрүп жатканын белгилеп, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ИИМ Академиясынын бир катар кызматкерлерине Ардак грамоталарын жана медалын тапшырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө ички иштер органдарынын системасында юридикалык терминдерди мамлекеттик тилге которуудагы көйгөйлөр, терминдердин бирдей которулушу, аларды бир тартипке келтирүү маселелери жана анын жагдайлары, ар түрдүү себептери кызуу талкууланып, тилдин өнүгүшү боюнча алдыда аткарылуучу иш-мерчемдер сунушталды.

Пикир

Оставить комментарий