• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Ысык-Көлдө КМШ өлкөлөрүнүн жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн сынагы өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 22.08.24. /Кабар/. Ысык-Көлдө КМШга мүчө мамлекеттердин жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн кароо-сынагы өтүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Күн мурун кароо-сынактын ачылыш аземи болду. Эл аралык иш-чарага КМШ өлкөлөрүнөн: Кыргызстан, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын командалары катышууда.

Бул иш-чара КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелерди чыңдоо, балдардын катышуусундагы жол кырсыктарынын алдын алуу жана санын азайтуу, жалпы билим берүү мекемелериндеги жол кыймылынын жаш инспекторлорунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатын көздөйт.

Белгиленгендей, эл аралык кароо-сынак 24-августта жыйынтыкталат.

Пикир

Оставить комментарий