• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Ысык-Көлдүн Темир айылында сел өтүүчү каналды казуу иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 06.09.24. /Кабар/. Ысык-Көл районунун Темир айылында сел өтүүчү каналды казуу иштери башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, канал Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу кызматы тарабынан казылууда.

Анда Темир айылынын ортосунан өтүүчү сайдын бүтөлүп калган нугун казуу менен сел жүрүү коркунучун азайтууга багытталган. Жумуштун толук аякташы менен аталган айылдагы жалпы 200 турак жай жана 25га айдоо жер коргоого алынат. Бүгүнкү күндө сайдын 150 метри казылып бүттү.

Эске сала кетсек, 18-августта нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Садыр-Аке айыл аймагынын бир нече айылдарында сел жүрүп, анын ичинен Темир айылында материалдык чыгымдар жогору болгон.

6-сентябрга карата Темир айылында селдин кесепеттерин жоюу уланууда. ӨКМден 10 куткаруучу 16 инженердик техника жана Жарандык коргонуу кызматтарынан 17 инженердик техника тартылып, иш жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий