• 87
  • 89.63
  • 0.85

Өзгөн айланма жолунан өтүү акысы канча болору белгилүү болду

Аймак 0

Бишкек, 06.12.24. /Акназик Тургунбаева-Кабар/. Ош облусунда салынып жаткан Өзгөн айланма жолу аяктап пайдаланууга берилүүдө. Бул тууралуу "Биринчи радионун" түз эфиринде Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун долбоорлорду тартуу жана даярдоо бөлүмүнүн башчысы Каратай Жангелдиев билдирди.

Анын айтымында, Өзгөн айланма жолу Кыргызстандагы алгачкы акы төлөнүүчү трасса болмокчу.

"Узундугу 14 чакырым. Жолго эки көпүрө курулду. Учурда айдоочулар үчүн төлөм пунктун орнотуу иштери аяктап, бүгүн пайдаланууга берилүүдө. Өзгөн айланма жолу Кыргызстандагы алгачкы акы төлөнүүчү трасса болмокчу. Жеңил унаалар үчүн – 200 сом, автобус жана чиркегичи жок унааларга – 350 сом жана оор жүк ташуучу унааларга - 700 сом акы алынат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий