• 87.45
  • 89.73
  • 0.86

Өзгөндө ата-энесиз калган балдардын үй-бүлөлөрүнө азык-түлүк баштыкчалары таратылды

Аймак 0

Бишкек 15.04.22. /Кабар/. Өзгөн районунун борбордук мечитинде Өзгөн райондук хатибияты «Жакшылык үчүн биримдик» фонду менен биргеликте ата-энеси жок балдардын үй-бүлөлөрүнө 50 даана азык-түлүк баштыкчаларын таратты. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кайрымдуулук иш-чарасы «Жакшылык үчүн биримдик» фонду тарабынан каржыланып, жеринде тапшырылды.

«Берешендик береке алып келет. Ушундай ыйык Рамазан айында муктаждарды сүйүнтүү биз үчүн чоң сыймык. Азык-түлүктөрдөн ун, май, кум шекер, эт, картошка, сабиз, пияз, кесме жана туз берилди. Колдоо көрсөткөн «Жакшылык үчүн биримдик» фондунун эмгек жамаатына ыраазычылык билдирем», – деди Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров.

Пикир

Оставить комментарий