• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткен облусунун жетекчиси Кадамжай районунун эли менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Аймак 0

Бишкек, 15.04.22. /Кабар/. КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев өлкө башчынын тапшырмасы менен бүгүн, 15-апрелде, Кадамжай районунун эли менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, элдик жыйынга облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышты.

Жыйын суроо-жооп ирээтинде өтүп, 300дөн ашуун адам катышты. Негизинен жер, таза суу, сугат суу, айыл өкмөттөрдүн ишмердүүлүгү, адам укуктары, ошондой эле социалдык-экономикалык багыттагы, жайыт жана айыл чарба тармагындагы көйгөйлүү маселелер жергиликтүүлөр тарабынан айтылды.

Мындан сырткары, облус башчысына жыйында айтылбай калган орчундуу маселелер кат түрүндө да берилди.

Жыйындын жүрүшүндө облус башчысы Абдикарим Алимбаев облустук деңгээлде чечилүүчү маселелерди ыкчам чечүү боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Ал эми райондук, айылдык деңгээлдеги көйгөйлөр тиешелүүлүгүнө жараша жеринде мекеме ишканалардын жетекчилери тарабынан жооп берилди.

Ыйгарым укуктуу өкүл жолугушуунун жыйынтыгында облус аймагындагы аткарылып жаткан иш аракеттерге токтолуп, бүгүнкү жыйында айтылган маселелер боюнча ар бир тиешелүү тармактын жетекчилерине аткарууга алынышын катуу эскертип өттү.

Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө аймактагы жарандар менен жолугушууларды өткөрүү боюнча тапшырма берген. Ага ылайык, Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев облустун бардык район, шаарларында эл менен жолугушууда.

Пикир

Оставить комментарий