• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жайында салкын, кышында жылуу. Бишкектин борборунда жабык аялдама пайда болот. Эскиздери

Коом 0

Бишкек, 29.05.23. /Кабар/. Бишкектин Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жабык аялдама орнотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аялдамада жайында салкындатуучу, кышында жылуутуучу жабдык, ошондой эле коомдук транспорттун декоративдик маршруту, жарнак тактасы, маалыматтык LED экраны орнотулат.

Долбоор Биринчи май райондук администрациясы менен «Бакай Банк» ААК ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашырылууда.

Ошондой эле аялдамага "Коопсуз шаар" системасын орнотуп, бир нече метр радиуста болуп жаткан кыймылды камтыган панорамалык жана түнкү тартуу мүмкүнчүлүгү бар видеокөзөмөл камераларын коюу пландаштырылууда. Мындан сырткары, аялдамада Wi-Fi, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн пандус, картанын схемасы, интерактивдүү сенсордук LCD мониторлор жайгаштырылат.

Пикир

Оставить комментарий