• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте мектеп окуучуларына Тарых музейине экскурсия уюштурулду

Коом 0

Бишкек, 12.05.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын 144 жылдыгынын алкагында Биринчи май районундагы мектептердин окуучулары үчүн экскурсия уюштурулду.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, Биринчи май районунун акиминин орун басары Аида Рысбаева №54 мектептин окуучулары менен бирге Улуттук тарых музейине барды.
Музейде мектеп окуучулар кыргыз элинин тарыхы менен таанышып, маданий мурастарга таандык экспозицияларды, этнографиялык жана археологиялык коллекцияларды көрүштү.

Иш-чара №78, №81 мектептердин окуучулары үчүн да уюштурулат.

Биринчи май районунун акимчилиги президент тарабынан кабыл алынган «Инсанды руханий-адеп жагынан өнүктүрүү жана дене тарбиялоо жөнүндө» жарлыгынын алкагында элибиздин жана мамлекеттүүлүгүбүздүн тарыхын, Кыргызстан элдеринин маданияттарынын биримдигин изилдөөгө багытталган иш-чараларды мындан ары да улантат.

Пикир

Оставить комментарий