• 87
  • 90.63
  • 0.79

Жалад-Абад шаарында 9 айдын жыйынтыгы чыгарылды

Аймак 0

Бишкек, 28.11.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэриясында күн мурун, 27-ноябрда 9 айдын жыйынтыгын чыгарган коллегия өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, коллегияга шаар мэри Эрнисбек Ормоков, мэрдин орун басарлары жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Алгач, 9 ай ичинде шаарда аткарылган жумуштар боюнча докладдар окулду. Анда 2024-жылдын үчүнчү кварталдын жыйынтыгы боюнча өнөр жай ишканалары тарабынан 6 млрд 188,4 млн сомдук продукция өндүрүлүп, өндүрүлгөн продукциянын физикалык көлөмүнүн индекси 109,5%ды түзгөнү айтылды.

Ошондой эле өсүү темпи 130,3%га жеткирилип, же башкача айтканда, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 млрд 439,2 млн сомдук продукция көп өндүрүлгөнү белгиленди.

Мындан сырткары, 2023-2024-жылдын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерүү учурунда билим берүү мекемелеринде айрым кемчиликтер аныкталганы айтылып, аларды жоюу тапшырмасы берилди.

Коллегияда шаар мэри Эрнисбек Ормоков курулуштарды белгиленген мөөнөтүндө бүткөрүү, коюлган пландарды, тапшырмаларды аткаруу талабын коюп, тийиштүү жетекчилерди билим берүү, саламаттык сактоо тармагына өзгөчө көңүл бурууга милдеттендирди.

Пикир

Оставить комментарий