Бишкек, 13.07.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында бак-дарактарды козу карын илдетине каршы дарылоо иши жүрүп жатат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Белгилей кетсек, бак-дарактарды дарылоо Жалал-Абад шаардык мэриясынын Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасы менен облустук “Токойлорду коргоо жана сактоо станциясынын" эки тараптуу түзүлгөн келишиминин алкагында ишке ашууда.
Адистер белгилегендей, бул дарылоо айлана-чөйрөгө жана адамдардын ден соолугуна зыянын тийгизбейт.
Пикир
Оставить комментарий