Бишкек, 21.11.24. /Кабар/. Жалал-Абаддагы абак шаардан чыгарылып, Базар-Коргон районуна көчүрүлгөн. Имарат дүйнөлүк адам укуктарын коргоо боюнча стандарттын талабы менен курулуп, жазасын өтөгөн жарандарга шарттар түзүлдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Ал белгилегендей, абакта ишканалар ачылып, жазасын өтөгөндөр жумуш орундары менен камсыздалды.
“Кирпич заводу, нан бышырган, кол өнөрчүлүк жана кийим тигүүчү цехтер иштеп жатат. Жазасын өтөп жаткандар эмгектенип, акча таап, сырттагы үй-бүлөсүн да багышууда. Мурда абакта жатып алып, сырттагы туугандарын кыйнап, тамак-аш, муктаждыктарын киргизип берүүнү өтүнүшөр эле. Ошону менен катар Беловодск айылындагы №16 мекемесин дагы оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат, кийинки жылы эксплуатацияга берилет. Бул абакта дагы жарандар эмгектенип киреше таба тургандай чакан ишканалар уюштурулат”, - деди Дайырбек Орунбеков.
Мындан тышкары, ал Бишкектеги ТИЗО-1 дагы бузулуп, шаардын четине көчүрүлөрүн, анын ордуна гүл бакча куруларын кошумчалады.
Пикир
Оставить комментарий