Жети-Өгүз районунун Оргочор айылында коомдук алдын алуу борбору ачылды

Аймак 0

Бишкек, 29.05.24. /Кабар/. Жети-Өгүз районунун Оргочор айыл аймагында коомдук алдын алуу борбору уюштурулуп, анын кеңсеси оңдоп-түзөө иштеринен кийин салтанаттуу ачылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Аталган борбор ИИМ эл аралык уюмдар менен биргеликте ишке ашырып жаткан "Милиция, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана калктын ортосундагы социалдык кызматташтыкты күчөтүү" долбоорунун алкагында уюштурулду.

Белгиленгендей, долбоор жергиликтүү деңгээлдеги көйгөйлөрдү биргеликте чечүү максатында милиция, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жамааттардын ортосунда сый жана ишенимдик кызматташтыкты орнотууну жана бышыктоону көздөйт.

Ачылыш аземине ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн, райондук мамлекеттик администрациясынын, коомдук жана эл аралык уюмдардын, Оргочор айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Имаратты оңдоп-түзөөгө жалпы 2 млн 377 миң 540 сом жумшалып, анын 982 000 сому эл аралык уюмдар тарабынан, 1 млн 395 миң 540 сому жергиликтүү каржы булактарынан бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий