• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

ЖКККББ: Айып пул көбөйгөндөн кийин жол эрежесин бузуунун бардык түрү азайды

Коом 0

Бишкек, 17.05.23. /Кабар/. Жол кыймылынын айрым эрежелерине салынган айып пулдардын жогорулагандан кийин жол эрежесин бузуу фактыларынын баардык түрлөрү төмөндөөдө. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- төрт айда ылдамдыкты ашыра айдаган 41 миң 938 айдоочу аныкталса, былтыр ушул убакытта 45 миң 200 айдоочу аныкталып, жол эрежесин бузуу 3262 фактыга азайган.

- мас абалында унаа башкаргандардын саны төрт ай ичинде 3245 факты аныкталып, былтыркы жылга салыштырмалуу 784 фактыга азайган (2022-жылдын 4 айында 4029 факты);

- коопсуздук курун тагынбай унаа айдагандардын саны быйыл төрт ай ичинде 95 миң 628 айдоочу аныкталып, былтыркы жылга салыштырмалуу 14 миң 871 фактыга азайган "2022-жылы 110 миң 499 факты);

Талдоо көрсөтүп тургандай, ушул жылдын 8-мартынан тартып жол эрежелеринин айрым түрлөрүнө айып пулдардын көтөрүлгөндүгүнүн себебинен Кыргызстанда жол эреже бузуу фактыларынын бардык түрлөрү азайууда.

Пикир

Оставить комментарий