Жогорку технологиялар паркынын салыктык режимин мөөнөтсүз кылуу пландалууда – Акылбек Жапаров

Өкмөт 0

Бишкек, 07.06.24./Кабар/. Жогорку технологиялар паркынын атайын салыктык режимин мөөнөтсүз кылуу пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандын маалыматтык технологиялар форумунда билдирди.

Минкаб төрагасы белгилегендей, бүгүнкү күндө атамекендик IТ-адистер чет өлкөлөрдө абдан таанымал, алардын көбү санарип технологиялар боюнча алдыңкы компанияларда аралыктан иштешет.

“Мында Жогорку технологиялар паркы абдан маанилүү роль ойнойт. Биз бардык артыкчылыктарды сактоо менен таланттуу IT-адистерибизге Кыргызстанда санариптик бизнести жүргүзүү жана инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатында Жогорку технологиялар паркынын салыктык режимин мөөнөтсүз кылууну сунуштадык, муну сыймыктануу менен белгилейм. Азыр тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште экинчи окууда каралууда, депутаттардын колдоосуна ээ болот деп ишенем”, - деди ал.

Жогорку технологиялар паркы – Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча салыктардан жана жеңилдиктерден бошотууну белгилөөчү, Жогорку технологиялар паркынын резиденттери үчүн колдонулуучу өзгөчө укуктук жана салыктык режим.

Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги форумдун башкы маалыматтык өнөктөшү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий