Бишкек, 13.12.23. /Кабар/. Социалдык фонддун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына 2023-жылдын январь-ноябрь айларында 8 миң 214 кайрылуу келип түшкөн.
Соцфонддун басма сөз кызматы билдиргендей, анын ичинде:
- жазуу түрүндө кайрылуулар – 397;
- ооз эки кайрылуулар – 1 065;
- КР Соцфондунун жетекчилиги тарабынын кабыл алынды – 128 жаран;
- ишеним телефондор аркылуу – 4 335;
- уюлдук ишеним телефону аркылуу – 2 289.
Жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук, оозеки) кайрылуулардын тематикасы боюнча төмөнкү багыттарда суроолор келип түшөт:
- пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө;
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө;
- пенсияларды индексациялоо тууралуу;
- пенсияга укугу боюнча;
- пенсия чектөө, пенсияларды өз убагында төлөө жана туура эсептөө тууралуу;
- пенсиянын өчөмүнө кайра эсептөө боюнча;
- пенсиянын топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолорун чектөө жана төлөө жөнүндө;
- КР СФ ишмердүлүгү боюнча башка суроолор.
Пикир
Оставить комментарий