• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте кошумча 50 автобус линияга чыкты

Коом 0

Бишкек, 13.12.23. /Кабар/. Бишкекте кошумча 50 автобус линияга чыкты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мындай чаралар калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин тапшырмасынын негизинде графиктин сакталышын көзөмөлдөө жана автобустардын ортосундагы бекитилген интервалды – 7-8 мүнөт сактоо максатында көрүлдү.

Ыкчам маалыматка таянсак, бүгүн, 13-декабрда эртең менен борбор калаада 450 автобус жана 115 троллейбус ишке чыккан.

Жума ичинде дагы 60 автобусту линияга чыгаруу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий