• 86.5
  • 91.43
  • 0.87

Зилалиевдин мыйзамсыз баюусу боюнча иш: Кардардан башка уячанын ичинде эмне бар экендигин эч ким билбейт

Коом 0

Бишкек, 28.08.19 /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз баюусу боюнча соттук отурум өтүүдө.

Жыйында “Оптима банктын” өкүлү сурак берди.

Күбөнүн айтымында, ал банкка жумушка орношконго чейин эле Зилалиев ошол банктын кызматтары менен колдонуп келген. Ал жыл сайын банктагы уячанын мөөнөтүн узартып турган.

“Зилалиев банкка жылына 1-2 жолу келип турчу. Банктын кызматтары менен 2011-жылдан бери колдонуп келген. Ал жактан сейфти ижарага алчу. Баардык келишимдер 365 күнгө түзүлүп, келишимге ар башка жетекчилер кол коюп келген. Банктын кызматкерлери ал уячалардын ичинде эмне бар экендигин билбейт. Кардарга сейф берилет. Ал, ага мыйзам менен тыюу салынбаган баардык нерсени сактай алат. Уячанын баасы анын көлөмүнө жараша болот”, - деди күбө.

Күбө белгилегендей, уячанын ичинен чыккан акчалар 50 жана 100 долларлык болгон. Алар баштык жана чакан сумкага салынган болчу.

Эскерте кетсек, КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Жооптуу кызматты ээлеген кызматкердин мыйзамсыз баюусу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштери УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий