• 86.5
  • 91.23
  • 0.87

Зыян 897,2 млн сом. Зулушев электр жарыгы тармагындагы коррупция боюнча төрт иш козголгонун айтты

Коом 0

Бишкек, 09.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. “Ош электр”, “Жалал-Абад электр”, “Чыгыш электр” жана “Түндүк электр” ААКларындагы коррупциялык фактыларга байланыштуу төрт кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган иш боюнча бүгүнкү күнгө карата 5 миңден ашык адам суралды.

“Жогорудагы ишканалар жок объектилерге жана чакан үйлөргө млн сомдук карыздарды жазып койгон. Учурда тергөө иши жүрүүдө, президентке маалыматтар берилди. Тергөөнү дагы эки айга узарттык. Анткени абоненттин баары суралышы керек. Иштин 70 пайызы бүтүүнүн алдында турат. Ишканалар мамлекетке ири суммадагы зыян келтирген. Эсептөө палатасынын маалыматы боюнча, 2016-жылдан 2020-жылга чейин мамлекетке 897 млн 288 миң 500 сомдук зыян келтирилген. Тергөө бүтө электигине байланыштуу биздин маалымат менен эсептөө палатасынын эсептөөсүндө айырмасы бар”, - дейт Зулушев.

Башкы прокурор жер казынасын пайдаланууга байланыштуу президент тарабынан коюлган тапшырманын алагында мамлекетке 2 млрд 700 млн сомдук зыян келтирилгендиги аныкталгандыгын айтты.

“Жер казынасын пайдалануудагы лицензиянын берилиши боюнча бир кылмыш иши козголду. Бул тапшырманын мөөнөтүн дагы 1-апрелге чейин узарттык. Себеби президенттин тапшырмасынан башка 11 кылмыш иш козголду. Ал лицензиянын мыйзамсыз берилиши, төлөмдөрдүн өз убагында төлөнбөшү, жалган отчеттор боюнча”, - деп айтат ал.

Пикир

Оставить комментарий