• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Стелс-омикрондо COVID-19 канчалык кооптуу?

COVID - 19 0

Бишкек, 09.02.22. /Кабар/. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда оору канчалык оор өтөрү тууралуу азырынча маалыматтары жок экендигин билдиришүүдө.

ДССУнун өкүлү Мелита Вуйновичтин айтымында, уюм кырдаалга дыкат көз салып турат: «вирустун ар кандай жаңы түрлөрү, варианттары пайда болууда. Өтө тыкыр карап турабыз, анткени ал өзүн кандай көрсөтөрүн али билбейбиз. Азыркы тапта анын кыйла жугуштуу экенин көрүп турабыз, ирок ошол эле учурда оорунун оор өтүшү тууралуу али эч нерсе айта албайбыз».

Буга чейин белгилүү болгондой, «стелс-омикрон» катары белгилүү болгон коронавирустун ВА.2 омикрон-штаммын жугузгандарда кайрадан жыт билүүнүн жоголуусу байкала баштаган, омикрон ВА.1 түрүндө бул белги жок болгон. Ал арада чет өлкөлөрдүн медициналык басылмаларында стелс-омикрондон кийин келе турган ВА.3 линиясы тууралуу маалыматтар чыга баштады. Ушундай жагдайда, абдан белгисиз жана болжол болбогон абалда, медицина жаатындагы окумуштуулар пандемиянын аяктай турганы шашылыш чечимдерди чыгарбай туура керектигин жазышууда.

Адистердин пикиринде, адамдар вирусту дүйнө жүзү боюнча «аралаштырып» жатканда коронавирустун жаңы штаммдары пайда боло бермекчи. Алардын айтымында, бир нерсе айкын: эмдөө коронавирустун учурдагы жана алдыда пайда болуучу бардык түрлөрүнөн ишенимдүү коргонуу ыкмасы бойдон калат.

Пикир

Оставить комментарий