• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

КР Акыйкатчы институту жана Кыйноолордун алдын алуу борборунун өкүлдөрү иш сапары менен Алматыга барды

Коом 0

Бишкек, 09.02.22. /Кабар/. Кечээ, 8-февралда Казакстанда Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоо максатында КР Акыйкатчы институтунун жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү Алматы шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу Акыйкатчынын катчылыгы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 9-февралда Кыргызстандын өкүлдөрүнүн жумушчу сапарынын алкагында Алматы шаарынын прокурорунун орун басары Н.Ауганбаев менен жолугушуусу болуп, ал КР жарандарына тиешелүү укуктук маселелерди чечүүдө зарыл колдоо жана жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Н.Ауганбаевдин айтымында, учурда Алматыда кармалган КР жарандары жок, Ч.Сыдыков менен В.Рузахуновдун иши боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бул сапардын программасында жабык жана социалдык мекемелерге баруу, ошондой эле Казакстанда жүргөн мекендештер жана эмгек мигранттары менен жолугушуу каралган.

Эртең, 10-февралда Тараз шаарында Казакстандын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Элвира Азимова менен жолугушуу мерчемделүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча, Таразда кармалган кыргызстандык эки жаран бар.

Пикир

Оставить комментарий