• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте өзгөчө абал: Көпчүлүктү кызыктырган 15 суроого жооп

COVID - 19 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Бүгүн, 25-марттан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек шаарында, аны менен бирге Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди. Мындан улам Бишкекте 20:00-07:00 сааттар арасында коменданттык саат белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек. Ал кагазда аты-жөнү, телефон номери, үйдөн чыгышынын себеби, чыккан жана кайра кайткан убактысы, жашаган жери, бара турган жери көрсөтүлүшү керек. Анкетаны колго толтурууга болот.

Бүгүн Ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев жана Бишкек шаарынын вице-мэр, коменданттын орун басары Азизбек Алымкулов өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында киргизилген өзгөчө абал тууралуу айтып, суроолорго жооп беришти.

1. Бишкек шаарынын бардык периметри боюнча 41 блок-пост жайгашкан;

2. Коменданттык саат 20:00дө башталып эртең мененки саат 07:00гө чейин уланат;

3. Маршруттук баракчаны кагаз бетине кол менен толтурса болот;

4. Борбордон тышкары жашаган, бирок бул жерде иштеген жарандарга – иш берүүчүлөр кызматкерине иштегендиги тууралуу маалымкат бериши керек жана анын негизинде уруксат кагазы берилет;

5. Башка шаарда жашаган адамдар азыркы жашаган жеринен жашагандыгы тууралуу маалымкат (ТЖК, үй, кварталдык) жана ким экендигин тастыктаган күбөлүгү болууга тийиш;

6. Бүгүнкү күндөн баштап такси жана коомдук транспорттун иши толугу менен токтотулду, эгер буузулар болсо, алардын жетекчилерине карата тийиштүү чаралар көрүлөт;

7. Медициналык мекемелер менчигинин түрүнө карабастан иштөөгө милдеттүү, алардын ээлери толук кандуу иштешин камсыз кылууга тийиш;

8. Банктар жана алардын филиалдары дагы күндүзгү убакытта, кардарларды кабыл алуу жана тейлөө боюнча иштелип чыккан убакыт регламентине ылайык, иштешет;

9. Коомдук тамактануу жайлары жабылды, бирок күндүзгү маал тамак жеткирүү боюнча гана иштесе болот жана жеткирүү кызматтарына 20:00гө чейин, күндүзгү убакытта гана иштөөгө уруксат берилет;

10. Өзгөчө абал режими тууралуу бардык суроолор боюнча 66 06 16; 66 07 10; 66 21 34; 66 02 48 номерлери боюнча колл-центрге кайрылсаӊыз болот;

11. 20:00дөн 07:00гө чейин коменданттык саат учурунда милиционерлер, медиктер жана коммуналдык кызматтар гана иштейт;

12. Күндүзгү убакытта ММКлар үчүн чектөөлөр жок, аккредитациядан өтүү зарыл (бул боюнча кошумча маалымат берилет);

13. Эгерде дачага чыгып кеткиӊиз келсе, ошол жакта изоляцияланса болот – колдоого алынат;

14. Үй жандыктары менен короодо жана кыска убакыт гана сейилдөөгө болот, коммендаттык саат мезгилинен сырткары;

15. Санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди бузууга 1000 сом өлчөмүндө административдик айып каралат, протокол түзүлүп, токтом чыгарылып, төлөө банк аркылуу гана жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий