• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

23-27-мартка карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 22.03.20. /Кабар/. 23-мартта түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

23-мартта күндүз жана 24-мартта түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлсө, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

24-мартта күндүз жана 25-мартта Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. 25-мартта Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда катуу жаан-чачын жаашы мүмкүн.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 24-25-марттарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.

26-мартта Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда жана Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт.

27-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан,Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. 27-мартта күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.

Пикир

Оставить комментарий