• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

26-30-январга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 25.01.20. /Кабар/. 26-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

26-январда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

27-январда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлсө, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

28-январда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн. Күндүз Чүй,Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.

29-январда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Талас, Ош, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 29-январда күндүз жана 30-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.

Пикир

Оставить комментарий