• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

А.Атамбаев “Ислам азыркы светтик мамлекетте” эл аралык конференциясынын жыйынтыктары тууралуу маалыматты укту

Президент 0

Бишкек, 30.09.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Президенттик Аппараттын Жетекчисинин орун басарынын рангындагы Президенттин Аппаратынын этника, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенишүү бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаева менен “Ыйман” руханий маданиятты өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Нуржигит Кадырбековду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө 19 өлкөдөн келген окумуштуу-эксперттердин, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн, ислам таануучулардын жана абройлуу эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Бишкекте өткөрүлгөн “Ислам азыркы светтик мамлекетте” эл аралык конференциясынын жыйынтыгы талкууланды.

Пленардык сессиянын алкагындагы талкуунун жана секциялардагы отурумдардын жүрүшүндө түрдүү өлкөлөрдүн эксперттери азыркы коркунучтарды жана чакырыктарды эске алуу менен диний чөйрөдөгү процесстерди жөнгө салуу маселелери боюнча эл аралык кызматташууну жана тажрыйба алмашууну тереңдетүүнүн маанисин баса белгиленгендиги айтылды. Исламдын азыркы светтик мамлекеттердеги ордун жана ролун талкуулоо үчүн Бишкек шаарында туруктуу иштеген эл аралык аянтча түзүү боюнча Кыргызстандын демилгеси колдоого алынды. Бул колдоо эл аралык конференциянын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган тиешелүү декларацияда чагылдырылды.

Президент Алмазбек Атамбаев акыркы жылдары Кыргызстанда Исламдын салттуу жана агартуучу негиздерин коргоо, конфессиялар аралык диалогду өнүктүрүү менен бирге динге ишенүү эркиндигинин принцибин эркин ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү үчүн шарттарды түзүү боюнча көп иштер жасалгандыгын белгиледи.

Мындай маалыматт Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү таратты.

Пикир

Оставить комментарий