• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жапаров Ала-Тоо аянтында Олимпиада оюндарына катышкан спортчуларга арналган салтанаттуу иш-чарага катышууда

Президент 0

Бишкек, 07.08.21. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Ала-Тоо аянтында Токиодо өткөн Олимпиада оюндарына катышып, Кыргызстандын желегин желбиреткен спортчулардын мекенине кайтып келүүсүнүн урматына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Салтанаттуу иш-чарага спортчулар, машыктыруучулар жана күйөрмандар дагы катышууда жана ал концерттик программа менен коштолот.

Белгилей кетсек, Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыз-келиндер арасында күрөш боюнча мелдеште Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль, ал эми Мээрим Жуманазарова коло байге утту. Ошондой эле Акжол Махмудов дагы күмүш медаль багындырды.

Кыргызстандан Токио шаарында өтүп жаткан ХХХII жайкы олимпиада оюндарына 16 спортчу барган.

Пикир

Оставить комментарий