• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Адамдарды коюп кеткен жашыл түстөгү маршрутканын айдоочусунун өздүгү аныкталды – милиция

Укук тартиби 0


Бишкек, 01.10.20. /Кабар/. Социалдык тармактарда тараган видеодогу адамдарды коюп кеткен жашыл түстөгү маршрутканын айдоочусунун өздүгү аныкталды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, 25-сентябрда саат 20:00дөр чамасында Кызыл-Кыя шаарынын Масалиев көчөсүндө жашыл түстөгү “Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу бир нече адамды сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 297-беренеси ("Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу") жана 266-беренеси ("ээнбаштык") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Учурда автоунаанын ээсинин өздүгү такталган, аны кармоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат.

Окуя болгон жерден жараат алган 28 жаштагы М.А. аттуу жаран жергиликтүү аймактык ооруканага түшкөн, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий