• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Аида Салянова 26-июнга чейин камакка алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.06.19. /Кабар/. Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда экс-прокурор Аида Салянованын баш коргоо чарасы каралды. Сот Салянованы 26-июнга чейин камакка алуу боюнча чечим чыгарды.

Эскерте кетсек, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн кандайча бошотулганы тууралуу Ички иштер министрлигинде (ИИМ) сурак бергенден кийин 48 саатка кармалган болчу. Салянова суракка 3-июнда түшкү саат үчтө чакырылган.

2013-жылы убактылуу депутаттык комиссия кримтөбөл Батукаевди мыйзамсыз эркиндикке чыгаруу мамлекеттик бийликтин беделине көлөкө түшүргөнү тууралуу тыянак чыгарып, ага катышы бар катары 28 кызмат адамынын тизмесин жарыялаган. Анын натыйжасында айрым жогорку кызмат адамдары ээлеген орундарынын бошотулса, айрымдары кызматынан көтөрүлгөн.

Батукаев 2013-жылдын апрелинде «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулуп, Орусияга чыгып кетишине байланыштуу кылмыш иш кайра иликтене баштады. Анын алкагында алты жыл мурда кримтөбөлдүн «ак кан оорусуна чалдыкканы тууралуу аныктама берген» деген шек менен онколог-дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылды.

Мындан тышкары мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева да шектүү катары кармалып, 22-майда үй камагына бошотулган.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси, учурдагы депутат Зарылбек Рысалиев сурак берүүдө. Анын кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынган. Бул иш боюнча мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов да жакында кармалган.

Пикир

Оставить комментарий