• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Айдарбеков онлайн форматында өткөн «Борбордук Азия-Кытай» жолугушуусуна катышты

Саясат 0

Бишкек, 16.07.20. /Кабар/. 2020-жылдын 16-июлунда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков видеоконференция форматында тышкы саясий ведомстволордун башчыларынын деңгээлиндеги «Борбордук Азия-Кытай» 1-министрдик жолугушууга катышты. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара кытай тараптын демилгеси боюнча уюштурулуп, анын ишине Борбордук Азиянын жана Кытайдын тышкы иштер министрлери катышты.

Онлайн жолугушуунун жүрүшүндө тараптар COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүгө жана анын дүйнө жүзүнө жайылышын токтотууга тийиштүү маселелерди, ошондой эле пандемия шартында экономиканы жана өндүрүштүк ишмердүүлүктү калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүү боюнча маселелерди талкуулашты.

Тараптар өз ара соода масштабдарын күчөтүү, соода түзүмдөрүн жакшыртуу жана кредиттик-инвестициялык кызматташууларды тереңдетүү зарыл деген пикирге келишти.

Мында, Кытай айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн күчөтүүдө жана продукциянын кошумча наркын жогорулатууда борбордук азиялык өнөктөштөрүнө колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди жана БА өлкөлөрүнөн жогорку сапаттагы жана органикалык азыктарды кытай рыногуна жеткирүүнү кеңейтүүнү кубаттады.

Ошондой эле тараптар терроризм, экстремизм жана сепаратизм менен күрөшүү чөйрөсүндө кызматташуу маселелерин талкуулашты жана Афганистандагы тынчтык процессинин маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Тышкы саясий ведомстволордун башчылары инфратүзүмдүк өз ара байланышуучулуктун комплекстүү системасын жана туруктуу транспорттук архитектура түзүү, айкалышкан жана мультимодалдык коммуникациялардын өнүгүүсүн, анын ичинде, автомобиль жана темир жол каттамдарын кубаттоо зарылчылыгы тууралуу позицияны билдиришти.

Ошону менен бирге, КР тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков Кыргыз Республикасында коронавирустук инфекциянын жайылышынын жана аны менен күрөшүүнүн айланасындагы кырдаал жөнүндө маалымдады.

Ошондой эле КР ТИМ башчысы пандемия шарттарында өлкөлөрдүн экономикасын калыбына келтирүүнү камсыздоо үчүн соода-экономикалык байланыштарды мындан ары бекемдөө зарылдыгына кесиптештеринин көңүлүн бурду.

Практикалык жактан алганда, министр Ч.Айдарбеков айыл чарбасы, санариптик экономика, электрондук коммерция, курчап турган чөйрө тармактарындагы өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнү сунуш кылды. Ошондой эле финансылык-кредиттик кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнүн маанилүүлүгү тууралуу маселе көтөрүлдү.

Пандемия жана оор эпидемиологиялык кырдаал шарттарында «КЭР-КР-ӨР» темир жолун куруу боюнча долбоорду практикалык ишке ашыруунун актуалдуулугу пайда болорун Ч.Айдарбеков өзгөчө белгиледи. Кытай жана Өзбекстан бул долбоорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн колдошту.

Ошондой эле ишкер жана техникалык персоналдын ыңгайлуу өтүүсү үчүн экспресс-коридор, БА өлкөлөрү жана КЭРдин ортосунда транс чек аралык жүк агымы үчүн үзгүлтүксүз, жөнөкөйлөтүлгөн “жашыл коридор” түзүү жөнүндө КЭРдин сунушу дагы колдоо тапты.

Видеоконференциянын жыйынтыгында катышуучулар тиешелүү Биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Пикир

Оставить комментарий