• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Айыл чарба министрлиги «Кадастрдын» жетекчисинин кармалышына байланыштуу комиссия түздү

Коом 0

Бишкек, 26.07.22. /Кабар/. Айыл чарба министрлиги «Кадастр» ишканасынын жетекчисинин кармалышына байланыштуу жумушчу комиссия түздү.

Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жумушчу комиссия «Кадастрдын» директору Э.К.Сулайманбековдун “жалпыга маалымдоо каражаттарындагы тартиптик жоруктары жөнүндө билдирүүлөрдүн” негизинде кызматтык иликтөө жүргүзүү максатында Айыл чарба министрлиги тарабынан түзүлдү.

Белгилей кетсек, бүгүн УКМК кызматкерлерден мыйзамсыз акча талап кылуу фактысы боюнча «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жетекчисин кармаган.

Пикир

Оставить комментарий