• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Акжол Бакиров Өзгөн районунун баш имам-хатиби болду

Аймак 0

Бишкек, 13.01.22. /Кабар/. Акжол ажы Бакиров Ош облусундагы Өзгөн районунун башкы имам-хатиби болуп дайындалды.

Муфтияттан билдиришкендей, тиешелүү буйрукка облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев кол койду. Акжол ажы буга чейин облустук казыяттын түзүмдөрүндө иштеп келген.

Бакиров Акжол Акжигитович 1989-жылдын 25-августунда Ош облусуна караштуу Алай районунун Тогуз-Булак айылында туулган. Үй-бүлөлүү, эки уул, бир кыздын атасы

Пикир

Оставить комментарий