• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Автоунааларды камсыздандыруунун орто суммасы бир жылга 2,2 миң сомду түзөт

Коом 0

Бишкек, 14.01.19. /Кабар/. Кыргызстанда автоунааларды сөзсүз түрдө камсыздоонун тарифи бир жылда орто эсеп менен 2 миң 210 сомду түзөт, ал эми максималдуу жогору тарифи – 6,5 миң сомду түзөт. Бул тууралуу Каржы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу мамлекеттик кызматы кабарлады.

Буга чейин базалык полистин эң төмөнкү баасы – 1 миң 680 сомду түзөт деп кабарланган болчу.

Кыргызстандын өкмөтү унааны сөзсүз түрдө камсыздоонун (ОСАГО 12) кепилдик фондун түзөт.

Унааны камсыздоодо тарифи машинанын үлгүсүнө, чыккан жылына, кыймылдаткычынын көлөмүнө, өлкөнүн жол кырсыктар статистикасына жана айдоочунун жол кырсыктарына кабылбай айдаганына, айдоочунун тажрыйбасына жараша аныкталат.

Азыркы күндө тарифтик сетка аягына чейин иштелип бүтө элек. Январ айдын аягына чейин иштелип бүтөт деп күтүлүүдө.

Айдоочулардын камсыздоо полиси жоктугу үчүн айып 3 миң сомду түзөт, ал эми юридикалык жатар үчүң – 13 миң сом.

Учурда Кыргызстан ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн ичинен сөзсүз түрдө унааны камсыздоо мыйзамы жок өлкө болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий