• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бүгүн "Достук" көзөмөл-өткөрүү пункту 2 саатка убактылуу иштебейт. Себеби

Коом 0

Бишкек, 30.10.23. /Кабар/. Бүгүн "Достук - унаа жолу" көзөмөл өткөрүү пунктунда адамдарды жана унааларды өткөрүү 2 саатка токтотулат. Бул тууралуу КР Чек ара кызматынан билдиришти.

"30-октябрда саат 12:00дөн 14:00гө чейин кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук - унаа жолу" өткөрүү пункттунда адамдарды, унааларды жана оор жүк ташуучу унааларды өткөрүү убактылуу токтотулат", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, бул Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутумунун жаңылануусуна байланыштуу.

Эскерте кетсек, "Достук - унаа жолу" өткөрүү пункту эл аралык өткөрүү пункту болуп саналат жана күнү-түнү иштейт.

Пикир

Оставить комментарий