• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Белгилүү журналист Бүбүкан Досалиева мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 06.07.20. /Кабар/. “Азаттык” үналгысынын журналисти Бүбүкан Досалиева капысынан келген илдеттен улам дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу "Азаттык" билдирет.

Маалыматка ылайык, Досалиева 5-июлда 62ге караган жашында дүйнөдөн кайтты.

Бүбүкан Акматжан кызы Досалиева Кыргызстандагы белгилүү журналист жана илимпоз, саясат таануучу, педагог айымдардан эле. Ал саясат таануу илимдеринин кандидаты болчу. Ал КТРК, “Сары Өзөн Чүй” сыналгы каналдарын эгемендик доордо жаңы деңгээлге чыгарууга салым кошкон.

Б.Досалиева Жусуп Баласагын атындагы КУУда жана БГУда журналистика кафедраларында иштеп, жаңы муундагы далай журналисттерди тарбиялаган.

1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин “Эркин Европа / Азаттык үналгысынын” Кыргыз кызматынын “Азаттык Медиа” мекемесиндеги кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, сыналгы берүүлөрүнүн башкы редактору, сыналгы өндүрүш продюсери жана соңку учурда журналисти болуп иштеп келди.

Пикир

Оставить комментарий