• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек-Ош жолу кар көчкү түшүшүнө байланыштуу убактылуу жабылды - ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 19.03.20. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымындагы Пельменный тилкесинде кар көчкү түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, унаа жол жабылгандыгына байланыштуу Токтогул районунун "Арал" постунда саат 11:10дон тартып унаалардын баардык түрлөрүнө убактылуу чектөө киргизилди.

Азыркы убакта кызматкерлер жеринде иш алып барууда. Түшкөн кар көчкүнүн көлөмү такталууда. Жабыркагандар жок. Толук маалымат кийинчерээк берилет.

Пикир

Оставить комментарий