• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Бишкекбашкыархитектураны” Курулуш агенттигине өткөрүп берүүнүн себеби кызыкчылыктардын кагылышында болгон

Коом 0

Бишкек, 23.11.18. /Кабар/. “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасын Мамлекеттик курулуш агенттигине өткөрүп берүүнүн себеби кызыкчылыктардын кагылышында болгон. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Архитекторлор биримдигинин төрагасынын орун басары Белек Сарымсаков кабарлады.

Анын айтуусунда, бул техникалык бөлүк менен байланыштуу.

“Алгач Архитекторлор биримдигинин өкүлдөрү кайрылып, “Бишкекбашкыархитектура” мэриядан өзүнчө болушу керек экендигин айтып келишкен. Аны Курулуш агенттигине өткөрүп берүү тууралуу өкмөттүн токтому болгон. Мындай чечимдин негизги себеби - кызыкчылыктар кагылышы. Айткени бул орган өзү тендер өткөрүп, уруксат кагаздарын дайындап жана өзү курулушту баштоого уруксат берген”, - дейт Сарымсаков.

Ошондой эле биримдиктин төрагасы Алымбек Абдраимовдун маалыматына ылайык, “Бишкекбашкыархитектуранын” кеңешинин өкүлдөрү өздөрүнүн кызыкчылыктарын коргоп чечим чыгарып келишкен.

Пикир

Оставить комментарий