• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте COVID-19га байланыштуу чектөөлөр киргизилеби? Вице-мэрдин жообу

Коом 0

Бишкек, 18.01.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева брифингдин жүрүшүндө эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу борбордо кандайдыр чектөөлөр киргизилеби деген суроого жооп берди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө шаардык муниципалитет чектөөлөрдү киргизүү маселеси менен эмес, санитардык нормаларды күчөтүү боюнча иш алып барууда.

Мозгачева белгилегендей, санитардык нормаларды сактоо чарасы натыйжалуурак. Буга байланыштуу вице-мэр шаар тургундарын коомдук жайларда жана коомдук транспортто санитардык эрежелерди сактоого чакырып кетти.

“Биздин кызматкерлер рейддерди жүргүзүүдө. Рейд учурунда жүргүнчүлөрдүн беткап тагынышы текшерүүгө алынууда. Ошондой эле коомдук тамактануучу жайларда дагы текшерүүлөр жүргүзүлүүдө. Айрым үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүүнү пландап жаткан жарандарды майрамды эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин артка жылдырууга чакырабыз”, - деди Мозгачева.

Вице-мэр кошумчалагандай, ошондой эле мектептерде дагы сактык чаралары күчөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий