• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте КМШ жана ШКУнун алгачкы антитеррордук машыгуусу өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 21.09.23. /Кабар/. Бишкекте КР УКМК тарабынан Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги (КМШ) жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) биргелешкен алгачкы "Евразия-Антитерро – 2023" антитеррордук машыгуусу өткөрүлүүдө.

Машыгуу күн мурун Бишкекте өткөн КМШга мүчө өлкөлөрдүн террорчулук жана экстремизм менен күрөшүү боюнча I конференциясынын алкагында өтүп жатат.

Машыгуулар кээ бир машыгуу тапшырмаларын бир убакта аткаруу, бир ой-максатка жана жагдайга, ошондой эле аларды өткөрүү орду жана убактысы дал келген эки эл аралык уюмдун өз ара аракеттенүүсүнүн алкагында биринчи жолу өткөрүлүп жатат.

"Евразия-Антитерро – 2023" антитеррордук машыгуусуна КМШга мүчө 11 мамлекеттин жана ШКУга мүчө мамлекеттердин – Армениянын, Беларустун, Индиянын, Ирандын, Казакстандын, Кытайдын, Кыргызстандын, Пакистандын, Россиянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын компетенттүү органдары катышууда.

Пикир

Оставить комментарий