• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нью-Йоркто кыргыз-кипр мамилелеринин өнүгүү перспективалары талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 21.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштери министри Жээнбек Кулубаев Кипрдин тышкы иштер министри Константинос Комбос менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуу күн мурун, 20-сентябрда Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара пайдалуу эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү зарылчылыгы боюнча бир пикирди билдиришип, кыргыз-кипр мамилелеринин өнүгүү перспективаларын талкуулашты.

Жээнбек Кулубаев эки өлкөнүн ортосундагы саясий диалогду улантуунун, соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, соода жүгүртүүнү көбөйтүү зарылдыгына, ошондой эле эки өлкөнү кызыктырган долбоорлорду жана иш-чараларды ишке ашырууга маектештин көңүлүн бурду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Кипрдин Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы эки тараптуу консультациялар боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Пикир

Оставить комментарий