• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстан Сенатынын спикери шайлоодо Жээнбековдун жеңишине пикирин айтты

Саясат 0

Бишкек, 16.10.17 /Кабар/. Казакстан парламентинин Сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандагы шайлоонун Сооронбай Жээнбеков лидерлик кылган алдын ала жыйынтыктарына пикирин айтты.

“Достош Кыргызстандын президенти катары Казакстан менен ар тараптуу кызматташуунун маанилүүлүгүн түшүнгөн тажрыйбалуу саясатчы С.Жээнбеков тандалды”, - деп жазды Токаев Twitter баракчасында.

Боршайкомдун алдын ала маалыматтары боюнча, Жээнбеков - 52,8%, Өмүрбек Бабанов - 36,2%, Адахан Мадумаров – 5,9% добуш алышкан.

Пикир

Оставить комментарий