• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан конокторду тосуп алууга даяр – Сыдыков алдыдагы ШКУ саммити тууралуу

Саясат 0

Бишкек, 06.06.19. /Кабар/. Учурда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын отурумунда кол коюлары белгиленип жаткан 20га жакын жыйынтыктоочу документ иштелип жатат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Ал Кыргызстан ШКУга төрагалык кылып, мындан улам Кыргызстан активдүү жумуштарды жүргүзүп жатканын белгилеп өттү.

"Төрагалык кылуунун алкагында эксперт, министрлердин деңгээлинде Кыргызстанда, ШКУга мүчө мамлекеттерде 60тан ашык жолугушуу өттү. Ушул жылдын жарым жылында Коопсуздук кеңешинин катчыларынын, коргоо министрлеринин, тышкы иштер министрлеринин отуруму жана медиа форум, эл аралык марафон, бизнес форум өңдүү ири иш-чаралар өттү. Жакын арада, 13-июнда эл аралык гала-концерт жана ШКУнун көркөм көргөзмөсүн өткөрүү пландалган", - деди ал.

Бишкекте 13-14-июнь күндөрү өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине карата баардык иш-чаралар аткарылган.

"Биз конокторду тосуп алууга даярбыз. Учурда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын отурумунда кол коюлары белгиленип жаткан 20га жакын жыйынтыктоочу документ иштелип жатат. Алардын арасында бишкектик декларация жана ар кыл тармакта кызматташуу боюнча башка документтер бар", - деди ал.

Отурумга Россия, Казакстан, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан, Индия жана Пакистан катышары пландалууда. Андан тышкары, ШКУнун башкы катчысы жана ШКУнун аймактык антитеррордук түзүмүнүн аткаруу комитетинин директору катышат. Байкоочу мамлекеттерден Афганистан, Беларус, Иран жана Монголиянын президенттери катышары пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий