• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте КР Эл акыны Меңди Мамазаированын 80 жылдыгы белгиленди

Маданият 0

Бишкек, 22.11.23. /Кабар/. Күн мурун Бишкекте КР эл акыны, III даражадагы "Манас" жана "Даңк" медалынын ээси Меңди Мамазаированын 80 жылдык мааракеси белгиленди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министринин орун басары Айнура Аскарова, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев, Улуттук жазуучулар союзунун төргасы Нурланбек Калыбеков, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук- маданий ишмерлер, жакындары жана күйөрмандары катышты.

Иш-чаранын расмий бөлүгүн министрдин орун басары Айнура Аскарова ачып, маараке ээси Меңди Мамазаированы 80 жаш кутман курагы менен куттуктады:

"Улуттук адабиятта бардык жанрда бирдей эмгектенген акын-жазуучулар өтө сейрек. Дал ошондой сейрек чыгармачыл, учурдун залкары болгон инсандарыбыздын бири - Меңди Мамазаирова!

Эже нагыз мекенчил акын. Эженин “Турумтай” жана “Аймаран” романдары эки доордун күзгүсү болсо, пьеса жана драмалары кыргыз театрларында сахналаштырылып, улуттук театр өнөрүнүн өнүгүшүнө зор салымын кошууда. Сизди 80 жылдык мааракеңиз менен чын дилимден куттуктайм.

Сизди төрт тарабы төп келген улуу өнөр адамы, залкар Жолон Мамытовдун жубайы, заманыбыздын Умай энеси катары терең сыйлайбыз. Керемет талантыңызга, кажыбас кайратыңызга, эмгекчилдигиңизге ийилип таазим кылып, Сизден үлгү алабыз!

Эки доорду бирдей чагылдырган чыгармаларды жаратып, көп жашаңыз", - деди Айнура Аскарова.

Ал эми Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Түрксой эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурланбек Калыбеков акындын кыргыз поэзиясындагы салмактуу ордун, турмуштук терең философияны камтыган чыгармалары тууралуу кеңири сөз кылышып, акынды 80 жаш кутман курак мааракеси менен куттукташты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын артисттери тарабынан Меңди Мамазаированын чыгармаларынын негизинде театрлаштырылган поэзия кечеси жана акындын өмүр таржымалын чагылдырган видео тасма көрүүчүлөргө тартууланды.

Кыргыз Эл акыны Менди Мамазаирова 1943-жылы Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкан айылында туулган. Студент кезинен республикалык газета, журналдарга чыгармалары жарыялана баштайт. Анын бир катар драмалары спектакль болуп, бүгүнкү күндө кыргыз театр сахнасында көрүүчүлөргө тартууланып келет.

Анын чыгармалары менен кыргыз элине өчпөс из калтырган белгилүү акын Жолон Мамытовдун жубайы, 3 уул, бир кыздын, неберелердин кадырлуу жана сүйүктүү чоӊ эне, тай энеси.

Пикир

Оставить комментарий