• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Чүйдө бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысы аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.09.23. /Кабар/. Чүйдө бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын январында “Аламедин” БТЖсына М.Б.Т аттуу кыргыз жаранынын дарегине 2020-жылы чыгарылган Lexus GX 460 үлгүсүндөгү унаа келген. Ал эми 6-январда убактылуу сактоо документи ачылган. 4 ичинде унаа бажылык тариздөөдөн өткөн эмес.

“Түндүк” темир жол бажысынын кызматкерлери тарабынан убактылуу сактоо кампасында көрсөтүлгөн унаа жок экендиги аныкталып, ал Бишкек шаарында жайгашкан техникалык тейлөө станциясынан табылган. Унаа бардык жагдайлар такталганга чейин мөөр басылып, "Аламедин" БТЖсынын аймагында сактоого коюлган.

Төлөөгө тиешелүү бажы төлөмдөрүнүн суммасы 917 миң 566 сомду түздү, ал эми мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 182 миң 504 сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий