• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Кыргызстан менен Япония экология жана климат жаатында кызматташат

Коом 0

Бишкек, 04.09.23. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев Япониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидеки менен жолугушту.

Ведомствонун маалымат кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу 4-сентябрда Япония элчилигинин демилгеси менен өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар экология жана климат жаатында мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулашты. Биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана спектрин кеңейтүү маселеси каралды.

Пикир

Оставить комментарий