Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. 2022-жылдын 13-апрелинде мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал туруктуу деп мүнөздөлүүдө. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, түн тынч өттү, атышуулар катталган жок.
Түнкүсүн саат 03:00дөн 03:55ке чейин “Кулунду-авто жол” (КР) жана “Овчи-Калча-авто жол” (РТ) көзөмөл өткөрүү жайларынын ортосундагы аймакта Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди облустарынын жетекчилеринин жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууга Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара ведомстволорунун жетекчилери, ошондой эле тараптардын эки облусунун укук коргоо органдарынын жетекчилери катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар төмөндөгүлөрдү макулдашышты:
- кошумча күч жана каражаттарды туруктуу жайгашкан жайларына алып чыгууну контролдоо боюнча. Кошумча өздүк курамды, аскердик техниканы жана курал-жарактарды чыгаруу ушул чечим кабыл алынгандан кийин 12-апрелден баштап биринчи мүнөттөрдө башталган;
- бүгүн, 13-апрелде саат 11:00дө Баткен облусунун Лейлек районундагы Селкана жерлигинде чыр-чатак орун алган жерде эки республиканын делегацияларынын кеңейтилген курамдагы жолугушуусун өткөрүү тууралуу.
КР УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусунда жайгашкан тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өтүштү.
КР УКМКнын Чек ара кызматы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалды көзөмөлдөп турат.
Эскерте кетсек, 12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында курал колдонуу менен чыр-чатак орун алган. Саат 21:17лерде сүйлөшүү учурунда тажикстандык чек арачылар кыргызстандык аскер кызматкерлерине ок чыгарышып, ал 30 мүнөткө созулган. Кайталанган ок атышууда УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкери жарадар болгон.
Чек ара кызматынын акыркы маалыматына таянсак, Кыргызстан менен Тажикстан күч жана каражаттарын алып кете баштады.
Пикир
Оставить комментарий