• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Кадастрдын" кызматкерлери мыйзамсыз каттоо жүргүзүп, мамлекетке 15,6 млн сомдук зыян келтирген

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалында жүргүзүлгөн пландуу текшерүүнүн алкагында жер тилкесине укук берүүчү документти мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган филиалдын кызматкерлери кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, жер тилкесине соттук чектөө тургандыгына карабастан мыйзамсыз сатуу-сатып алуу келишимдерди катташкандыгы аныкталды.

Ошондой эле алар мыйзамсыз аракеттерин жашыруу максатында эч кандай укук аныктоочу документтердин жоктугуна карабастан, муниципалдык менчиктеги турган жер тилкесине жеке менчик жөнүндө мамлекеттик акт даярдашкан.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдарынын жүрүшүндө мамлекетке 15 млн 676 миң сомдук жер тилкеси кайтарылган.

Пикир

Оставить комментарий