• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте жолду тоскондугу үчүн 5 митингчи кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18-март /Кабар/. Бишкекте коомдук тартипти бузган жана жолду тоскондугу үчүн 5 митингчи кармалды.

Бишкек ИИББнын басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 18-мартта саат 10:00до Ч.Айтматов жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Д.Асановдун эстелигинин жанында сөз эркиндигин сактоо талабы менен элдер чогулушкан. Аталган иш-чараны өткөрүүгө Бишкек шаардык мэриясы уруксат берген, иш-чараны уюштуруучу Э.Байсалов болгон. Чогулгандарга мыйзамды, коомдук тартипти сактоо жана жолду тосууга болбой тургандыгы тууралуу бир нече жолу айтылган.

Бирок, маалыматта билдирилгендей, чогулгандар Бишкек шаарынын Б.Баатыр көчөсүн бойлой түштүк багытка жөө жүрүш башташкан. Бөкөнбаев көчөсү менен келишикен жерде ИИОнун кызматкерлеринин бир нече жолку эскертүүсүнө карабастан жөө жүрүштүн катышуучулары тарабынан коомдук тартип бузулган жана алар жолду тосо башташкан.

“Ушуга байланыштуу ИИО кызматкерлери тарабынан 5 жаран кармалып, Свердлов райондук ИИБга жеткирилген, ал жерде мыйзам бузгандарга карата административдик укук бузуу тууралуу материалдар түзүлүп, кароо үчүн Бишкек шаардык Свердлов райондук сотуна өткөрүлүп берилген”,-деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий