• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КРнын ЕАЭБге кошулуусунун алкагында Казакстандан бөлүнө турган каражат 7 млн доллардан 41 млн долларга көбөйдү

Өкмөт 0

Бишкек, 18-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ кошулуусунда жол картасы тууралуу иш чараларды каржылоого Казакстан тараптан бөлүнө турган сметалык сумма 7 млн 526 миң АКШ долларынан 41 млн 038 миң АКШ долларына көбөйдү. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-декабрындагы жардам берүүнүн тартиби жана анын туура пайдаланылышын текшерүүгө алуу тууралуу Протоколуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2016-жылдын 26-декабрында кол коюлган Протоколго техникалык көмөк көрсөтүү тууралуу 2017-жылдын 17-мартында Россияны Федерациясынын Москва шаарында кол коюлду.

Жардам берүүнүн тартиби жана анын туура пайдаланылышын текшерүүгө алуу тууралуу Протокол жардам көрсөтүүдөгү процедураларды кыскартат.

Техникалык жардам көрсөтүү тууралуу Протоколго өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгенден кийин, сметалык сумма 41 млн 038 миң АКШ долларына өстү (буга чейин7 млн 526 миң АКШ долларына кол коюлган)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2016-жылдын 26-декабрында кол коюлган ЕАЭБ алкагында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу макулдашылды жана Протоколдор Казакстан Республикасы тарабынан, Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ курамына кошулуусунан улам Жол картасына байланыштуу иш чараларды каржылоого техникалык көмөк катары 100 млн АКШ долларын бөлүүгө жөнөтүлдү. Ал каражат бажы инфраструктураларынын объектине жана лабораторияларды модернизациялоого ошондой эле ЕАЭБ алкагындагы манилүү иш чараларга багытталган.

Макулдашууларга жана Протоколго ылайык жардам этабы менен көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий