• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Депутат Артыкбаевдин баш коргоо чарасы каралды - УКМК

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.06.18. /Кабар/. Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Осмонбек Артыкбаевдин баш коргоо чарасы тандалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кыматынан кабарлашты.

"2018-жылдын 7-июнунда КР УКМК тарабынан КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты О.Артыкбаевге “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесини 1-бөлүмүндө (Коррупция) каралган кылмыш белгилери боюнча айыбы тагылып, Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун чечими менен КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына тергөө аягына чейин кармоо жөнүндө баш коргоо чарасы каралды", - деп айтылат маалыматта.

Тергөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий