• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чет элдик жарандар төлөгөн айып пулду өзүнө ыйгарып алган милиционерлерге иш козголду

Коом 0

Бишкек, 10.01.19 /Кабар/. Ички иштер министрлигинин 10 башкармалыгынын жана Бишкектин Биринчи май райондук милиция бөлүмүнүн кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду.

Алар паспорт-виза эрежелерин бузган чет элдик жарандардан өндүрүлгөн 731 500 сом өлчөмүндөгү акчаны өздөрүнө ыйгарып алышкан, деп кабарлады Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Тиешелүү кызматкерлер жеке менчик фирма менен сүйлөшүп алып, жасалма документтердин негизинде эсепти жаап жүрүшкөн.

Бул факт боюнча 304 "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", 221 "Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы", 350 "Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу" беренелеринин негизинде иш козголду.

Пикир

Оставить комментарий